Унаанын үстүндө секирип, терезесин сындарган жаран кармалды

Кечээ, 7-майда интернет желесинде бирөөнүн автоунаасынын үстүнө чыгып алып секирип жаткан жарандын видеосу тараган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы бейбаштыкка шектүү жаран кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 7-майда милицияга унаанын ээси кайрылып, Audi A6 үлгүсүндөгү унаасынын алдыңкы жана капталдагы айнектерин, фараларын сындырып, качып кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Милиция 37 жаштагы шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.




07.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан