Бүгүн, 8-майда Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик парад өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинини төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, согуш ардагерлери жана башка мамлекетик кызматкерлер катышууда.
Парадда заманбап аскердик жана атайын техникалар көрсөтүлүп, өлкөнүн күч органдарынын кызматкерлери марш менен өтүшүүдө.
Видео: соцтармактардан алынды