MEGA  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин  Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун кызматкерлери согуштун ардагерлерин, концлагерь туткундарын жана Ленинград курчоосунда аман калгандарды куттуктады.

Кайрымдуулук демилгесинин алкагында ардагерлерге акчалай белектер тапшырылып, ошондой эле акысыз байланыш тартууланды. Компаниянын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы жана өлкөнүн аймактарындагы согуштун ардагерлерине жолугуп, алардын бейпил турмуштун пайдубалын түптөөгө кошкон баа жеткис салымы үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

"Биз баатырларыбыздын жаркын элестерине таазим кылууну өзүбүздүн милдетибиз деп эсептейбиз. Ардагерлерибиз − тарыхыбыздын күбөлөрү, алардын аркасы менен биз бүгүн бейпил асман астында жашап жатабыз. MEGA мекенибиздин баатырларын эскерип, жылдан-жылга саны азайып бар жаткан ардагерлерибизге ыраазычылык билдирип келет. Биз, азыркы муундун өкүлдөрү катары өз тарыхыбызды унутпай, баатырларыбызга таазим таазим кылууну жана ыраазычылык билдирүүнү салтка айландырып алгандыгыбызга кубанычтабыз», - деп белгилей кетишти MEGA компаниясынын кызматкерлери.

Бүткүл Кыргызстан даңктуу датаны – Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөгө даярданып жаткан учурда, мындай иш-чаралар өзгөчө мааниге ээ болуп, биримдиктин, эскерүүнүн жана улуу муунга болгон урмат-сыйдын маанилүүлүгүн ар бир замандашыбыздын эсине салат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан