Бүгүн, 8-майда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик парады өттү. Иш-чараны көрүүгө миңдеген кыргызстандык келди.
Параддын жүрүшүндө "Ала-Тоо" аянтынын үстүнөн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тик учактары менен Орусиянын Канттагы авиабазасынын истребителдери учуп өттү.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинини төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, согуш ардагерлери жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Видео: соцтармактан алынды