1-июлдан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Келишимдик негизде кызмат кылган аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап ушундай эле өлчөмдө көбөйтүлөрү пландалап жатканын кошумчалады.
"Бул аракеттер жөн гана колдоо чарасы эмес, бул – мекенди коргоо кызматындагылардын күнү-түнү көз ирмебей "Эл четинде - жоо бетинде" тургандагы мээнетин баалоо болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, биз коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү чыңдап жатабыз.
Кудайга шүгүр, буюрса Кыргызстаныбыздын коңшулар менен бардык чеги такталып, ар бир метр жери белгиленип, зым тартыла баштады. Биз дүйнө коомчулугуна жаңжал чыгара турган опурталдуу маселелерди тынчтык жолу менен чечсе болорун далилдедик", - деди Жапаров.