Бүгүн, 8-майда Ош шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүгө саат 10:08де Ош шаардык №12 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган. Саат 10:46да тилсиз жоо чектөөгө алынды.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала элек. Жабыркагандар катталган жок.