Эртең, 9-майда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында айтылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14.. +19, күндүз +24 ... +29;
Талас жергесинде түнкүсүн +9... +14, күндүз +22... +27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16... +21, күндүз +26... +31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9... +14, күндүз +21 ... +26;
Нарында түнкүсүн +7 ... +12; күндүз +23... +28;
Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16... +18, күндүз +26... +28 градус болот.