Бишкек-Дели аба каттамы токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Aero Nomad Airlines компаниясы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бишкектен Индиянын борбор шаарына учуучу КА577/578 каттамы Дели аэропортундагы аба мейкиндигинин чектелишинен улам токтотулду.
Жүргүнчүлөргө билетти алган жеринен акчасын кайтарып алуу же авиакомпаниянын 22-майга белгиленген кийинки каттамына өзгөртүү мүмкүнчүлүгү берилүүдө.
Эске салсак, Индия менен Пакистандын ортосундагы кырдаалдын чыңалуусуна байланыштуу кечээ бир топ аба каттамдары токтотулуп, айрым аба мейкиндиктери жабылган.