АКШда жашаган 29 жаштагы кыргызстандык жаран жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу 8-майда Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кабарлангандай, кырсык 27-апрелде болуп, анын кесепетинен Кыргыз жараны окуя болгон жерде каза болгон.
"Маркумдун үй-бүлөсүнүн чечимине ылайык, аза күтүү жана жерге берүү аземи 1-майда АКШда өткөрүлдү", - дешти мекемеден.