Ала-Арча сейил багында амфитеатр ачылды (фото)

Бүгүн, 8-майда Ала-Арча жаратылыш сейил багында жаңы амфитеатрдын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы маалымдады.
Ачылыш аземинде президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев аталган сейил бакта акыркы убактарда болуп жаткан өзгөрүүлөргө токтолду.
“Учурда Ала-Арча жаратылыш сейил багында тынымсыз өзгөрүүлөр болууда. Сейил бак Бишкек шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашып, Кыргызстандын эң кооз жана туристтер көп келген эс алуу жайларынын бири. Сейил бак жаратылышты коргоо, экотуризмди өнүктүрүү жана элдин маданий эс алуусун камсыздоо максатында тынымсыз жаңыланууда. Май айынан тарта сейил бактын аймагына электрокарлар менен кирүү каралып, жаратылышыбыздын тазалыгын сактоо башкы максат болуп калды. Алдыда дагы да калктын ыңгайлуу эс алуусу үчүн шарттарды түзүүнү токтотпойбуз”, — деди Туманбаев.
Иш-чара белгилүү эстрада ырчыларынын концерти менен коштолду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан