Наманган шаарында өтүп жаткан "Silk Way Namangan" аттуу велоспорт мелдешинин биринчи күнүндө кыргызстандык велоспортчулар байгелүү орунга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан чыккан TOPVELO-ART командасы 1 чакырымдык командалык спринт (Team Sprint) түрүндө финалга чыгып, алтын медаль үчүн Казакстандын велоспортчулары менен ат салышты.
Жыйынтыктоочу айлампада спортчуларыбыз болгону 50 миллисекунд айырма менен экинчи орунду ээлешти.
Жыйынтык төмөнкүдөй болду: