Садыр Жапаров Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жапаровду “Внуково” эл аралык аэропортунан Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Мамлекет башчысына мындан туура 80 жыл мурда 1945-жылдын 9-майында жарык көргөн «Кызыл Кыргызстан» жана «Правда» гезиттеринин тарыхый сандарынын көчүрмөлөрү тапшырылды. Алардын беттеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш тууралуу алгачкы расмий билдирүүлөр жарыяланган.

Эске сала кетсек, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров чет мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары менен бирге Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү юбилейлик Жеңиш парадына катышат.

Алдыда боло турган салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү да катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан