Жаңы Рим папасы шайланды

Ватиканда бүгүн, 8-майда жаңы Рим папасы шайланды. Мунун далили катары айтылуу Сикстин капелласынын (чиркөө имараты) морунан ак түстүү түтүн чыкты. Жаңы шайланган Рим папасы — америкалык кардинал Роберт Прево, ага Лев XIV деген ат ыйгарылды.

Конклав 7-майда старт алган, кардиналдар 2 жолу Рим папасын шайлай албай калышканы маалымдалган. Анткени аталган имараттын морунан кара түтүн көрүнгөн. Эреже ушундай, эгер кардиналдар жаңы лидер шайлай алышса — мордон ак түтүн, шайлай алышпаса — кара түтүн чыгарылат.

Буга чейинки Рим папасы Франциск 21-апрелде 88 жашында көз жумган. Ал аталган кызматты 12 жыл аркалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан