Бүгүн, 9-майда Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата Кызыл аянтта аскердик парад өттү.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, парадга 11 миңден ашык аскер кызматкери катышып, өлкөнүн башкы аянтында "Геран-2", "Орлан-10", "Лансет" жана "Харпия" учкучсуз учактары, эң жаңы "Гиацинт-К" курал-жарагы көрсөтүлдү. Жалпысынан 180ден ашуун атайын техникалар парадга чыгарылган.
Салтанаттуу иш-чарага 20дан ашык мамлекеттин башчылары катышып, Кытай, Вьетнам, Египет, Лаос, Монголия, Мьянма жана мурдагы советтик республикалардын аскер кызматкерлери Кызыл аянттан марш тээп өтүштү.