Парад, оюн-зоок, "Өлбөс полк"... Ошто Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 9-майда Ош шаарынын борбордук аянтында Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Майрамдык иш-чара аскердик парад менен башталды. Салтанатта шаар мэри Жеңишбек Токторбаев сөз сүйлөп, Жеңишти жакындаткан ардагерлердин эрдиги – кайраттуулуктун жана мекенге болгон берилүүнүн даңазалуу үлгүсү экенин айтты. Ош шаардык мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган театрлаштырылган маданий концерттик программа тартууланып, соңунда "Өлбөс полк" жүрүшү менен жыйынтыкталды.
Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 миң 621 адам катышкан. Алардын ичинен 3 118 жоокер курман болуп, 401и дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө шаарда тылдагы эмгектин 4 ардагери жашайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан