"Ала-Тоо" аянтындагы Жеңиш күнүнө арналган дрон-шоу элди суктантты.
Анда жүздөгөн дрондор аркылуу Улуу Жеңиштин символдору, СССР желеги, Кыргызстандын герби жана тынчтыктын символу чагылдырылды.
Иш-чара "Евразия" уюму, "Жеңиш 9/45" эл аралык кыймылы жана Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулду.