Бүгүн, 10-майда эртең менен Пакистан өкмөтү Индияга каршы ири аскердик операция башталганын жарыялады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, бул кадам Индиянын соккуларына жооп экендигин билдиришкен. Пакистан армиясынын өкүлү Ахмад Шариф Чаудри бир саат мурун Индияны Пакистандын борбору Исламабаддан 10 чакырымдай алыстыктагы Равалпиндиге жана өлкөнүн аскерий командачылыгынын штаб-квартирасы катары кызмат кылган Нур-Хан баш болгон өлкөнүн үч авиабазасына ракеталык чабуулдарды жасады деп айыптаган.
Операциянын алкагында Пакистан армиясы Индиядагы бир нече стратегиялык буталарга сокку урууну пландаштырууда. Учурда 25 аскердик объектилерге сокку урулгандыгы айтылды.
Эки өлкөнүн тирешинен жалпы 50гө жакын жай тургун каза болгондугу маалыматта кошумчаланган.