Садыр Жапаровдун жерге жармаштырылган желекти алып, чөнтөгүнө салган видеосу тарады

Кечээ, 9-майда Москвага парадга барган мамлекет башчылары согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Александр бакчасындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюшту. Бул иш-чарада президент Садыр Жапаров белги катары жерге жармаштырылган мамлекеттик туунун сүрөтүн сыйрып алып, чөнтөгүнө салып койду.

Социалдык баракчаларга тараган бул видео коомчулуктун алкоосуна татып, жагымдуу пикирлер менен коштолууда. Анда мамлекеттик символдорго болгон сый-урмат көрсөтүлгөндүгү айтылууда.

Айта кетсек, президент Садыр Жапаров 8-9-майда Орусияга иш сапары менен барып, Кызыл аянттагы парадга катышып келди.

10.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adi010891
2025-05-10 12:39:00
Туура кылат, олконун туусу жерде эмес ойдодо туруш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан