Кечээ, 9-майда саат 22:00дөн кийин Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылды.
Бул туурасында вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирип, курулуш иштерине токтолду. Анын айтымында, аталган аймакта жер алдынан өтүүчү өтмөк курулуп, иштер 8 айга созулат.
"Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер астындагы жөө адамдар өтүүчү жана унаа токтотуучу жайды куруу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашыруу башталды. Курулуш иштери 8 айда бүтөт деп пландап жатабыз. Коомдук транспорттордун 20дан ашуун каттамдары Чүй проспектисинин ушул бөлүгүнөт өтчү. Учурда эки тараптуу кылып бөлдүк", - деп белгилеген ал.
Курулуш учурунда айрым автобустун каттамдары өзгөрөт: №7, 34, 38, 166 автобустар Жумабек көчөсү аркылуу багыт алса, №5, 11, 16, 21, 25, 36, 50, 104, 129, 135, 152, 169, 216, 222, 227, 254 каттамдар Киев көчөсү менен жүрөт.
Кошумчалангандай, Киев көчөсүнүн Ибраимовдон Абдрахмановго чейинки бөлүгү убактылуу эки тараптуу болот.