Ирандагы мелдеште кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу алтын тагынды (видео)

Кечээ, 9-майда Ирандын Исфахан шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык Тахти-2025 кубогу жыйынтыкталды. Мелдешке Армения, Иран, Орусия, Ооганстан, Индия, Ирак, Кыргызстан, Түркия, Голландия жана Тажикстандан барган балбандар катышты.

Турнирдин экинчи күнүндө акыркы беш салмак категориясында медалдар ойнотулду: 61, 70, 74, 92 жана 125 килограмм.

61 килограммдык салмакта барган кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу ирандык спортчу менен беттешип, аны 4:3 эсебинде жеңип алды. Ал эми жалпы эсепте Кыргызстан курамасы экинчи орунду камсыздады.

Бекзат Алмаз уулунун беттештеги жеңиши
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан