Ошто жеке тараптан мамлекетке кайтарылган имартка мектеп курулат (видео)

Ош шаарында 1-сентябрга карата жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Жолон Мамытов көчөсүндөгү 1,4 гектар жер жана бүтпөй турган курулушу менен жеке тарапка өтүп кеткен имарат мэриянын балансына кайтарылып алынган. Эми бул жер билим берүү мекемеси үчүн пайдаланылат.
Кечээ, 9-майда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жерине барып көрүп кайтышты.
"Билим ордосунун долбоору даярдалып, акча каражаты чечилген. Имарат толук оңдолуп-түзөлгөн соң 1-сентябрда пайдаланууга берилет", - деп айтылат маалыматта.
Ошто жеке тараптан мамлекетке кайтарылган имартка мектеп курулары айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан