Беларустун борбору Минск шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай парад болду. Анда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскерлери катышып, мамлекеттик туу менен марш тээп өтүштү.
Иш-чара "Минск – баатырлардын шаары" аталышында өтүп, согуш техникалары көрсөтүлгөн.
Айта кетсек, кечээ, 9-майда Улуттук гвардиянын аскерлери Орусиянын борборунда өткөн параддагы 11 миңден ашуун аскерлердин катарын да толуктаган.