Бишкектеги №33 мектеп-гимназияга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, казак адабиятында детективдик жанрдын негиздөөчүлөрүнүн бири, жазуучу Кемел Токаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси Садыр Жапаровго таандык. Бул кабар менен ал Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Токаев менен бөлүшкөнү айтылды.
Белгилей кетсек, согуш жылдарында №33 мектеп Фрунзедеги аскердик окуу жайы болгон. Бул билим уясын Казакстандын президентинин атасы окуп бүтүргөн. Ал фронтко аталган мектептен чакыртылган.