АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондун ортомчулугу менен Индия менен Пакистандын ортосунда ок атышуу толук токтогонун жарыялады.
"АКШнын ортомчулугу астында, түнү менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Индия менен Пакистан ок атышууну толук жана токтоосуз токтотууга макул болгондугун кубаныч менен жарыялайм. Мен эки өлкө тең акыл-эстүүлүгүн жана жогорку интеллектүүлүгүн көрсөттү деп эсептейм. Бул маанилүү маселеге көңүл бурганыңыз үчүн рахмат!" — деп бөлүштү Трамп социалдык баракчасынан.
Индия менен ок атышпоо тууралуу маалыматты Пакистандын вице-премьер-министри Исхак Дар Би-Би-Си менен болгон маегинде ырастаган.
Эске салсак, 23-апрелде Кашмирдеги Пахалгам шаарында туристтерге ок атылып, 27 адам каза болуп, ондогон адам жарадар болгон. Аны Индия теракт деп атап, эки өлкө бири-бирине абадан сокку урууну баштаган.