Пакистан Индия менен ок атышууну токтотуудан кийин аба мейкиндигин ачты

Пакистандын аэропорттор башкармалыгы өлкөнүн аба мейкиндиги бардык каттамдар үчүн ачылганын билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, бардык аэропорттор кайрадан иштей баштады.

"Пакистандын аба мейкиндиги бардык каттамдар үчүн толугу менен калыбына келтирилди. Өлкөнүн бардык аэропорттору ишин жандантты жана кадимки учуулар үчүн жеткиликтүү", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Пакистан Индия менен болгон чыңалуунун курчушуна байланыштуу аба мейкиндигин бир нече жолу жапкан. 7-майга караган түнү Индия Пакистандын аймагына сокку урду. 10-майга караган түнү Пакистан Индияга каршы масштабдуу операция башталганын жарыялады. Өлкөнүн армиясы аскердик буталарды аткылап, учкучсуз учактарды колдонгон. Индия ракета учуруу менен жооп берген.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп Пакистан менен Индия ок атышууну токтоосуз токтотууга макул болушкандыгын жарыялады. Муну Исламабад менен Нью-Дели ырасташты. Индиянын Тышкы иштер министрлиги ок атышпоо 10-майда саат 17:00дө (IST) башталганын тактады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан