Путин Украина бийлигин 15-майга Стамбулга чакырды (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин Киевге 2022-жылы үзгүлтүккө учураган түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону сунуштады. Ал түз кайрылуу жасап Украинага тынчтык сүйлөшүүлөрүн 15-майда Стамбулда өткөрүүнү жарыялады.

"Биз Киев бийлигине алар тарабынан 2022-жылдын аягында үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону сунуштайбыз. Баса белгилеп кетейин, эч кандай алдын ала шарт койбостон түз сүйлөшүүлөрдү уланталы. Биз келерки бейшемби күнү, 15-майда Стамбулда кечиктирбестен баштоону сунуштайбыз. Сүйлөшүүлөр кайсы жерден башталып, кайсы жерден үзгүлтүккө учураган болсо, ошол жерде улантылат", - деп билдирди Путин.

Путин өз сөзүндө түрк бийлиги тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү бир нече жолу сунуштаганын эске салып, тандоо Украина бийлигинин жана анын европалык кураторлорунун колунда экендигин баса белгиледи.

Айта кетсек, буга чейин ок атышпоо боюнча 30 күндүк тыныгуу сунушун АКШнын президенти Дональд Трамп эки өлкөгө ортомчу катары сунуштаган. Мындан тышкары Европанын бир нече өлкөлөрүнүн лидерлери Киевге келип, бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Путин Украина бийлигин 15-майга Стамбулга чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан