UFCнин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Валентина Шевченко UFC 315 турниринде франциялык Манон Фиорону жеңип, чемпиондук курун коргоп калды.
Кыргыз мушкери Шевченко менен Фиоронун беттешүүсү турнирдин башкы беттеши болуп, толук 5 раундга созулду. Калыстар бир добуштан жеңишти учурдагы чемпионго беришти.
37 жаштагы Шевченконун карьерасында 25 жеңиш, 4 жеңилүү жана 1 тең чыгуу бар. Жалпысынан бул Валентинанын титулдук күрөштөгү 10-жеңиши. Ал титулду 8 жолу коргоп, 2 жолу жеңип, 2023-жылы Алекса Грассого утулуп калган.
Айта кетсек, UFC 315 турнири Канаданын Монреаль шаарында уюштурулду.