Валентина Шевченко жеңиштен кийин чимириле бийледи (видео)

UFCнин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Валентина Шевченко UFC 315 турниринде франциялык Манон Фиорону жеңген соң октагондо чимириле бийледи. Кыргыз мушкери ар бир жеңишинде лезгинка бийин күйөрмандарына арнап келет, бул ирет да өз бийин тартуулап, алкоого татыды.

Айта кетсек, Шевченко менен Фиоронун беттешүүсү турнирдин башкы беттеши болуп, толук 5 раундга созулду. Калыстар бир добуштан жеңишти учурдагы чемпионго беришти. UFC 315 турнири Канаданын Монреаль шаарында уюштурулду.

Валентина Шевченко жеңиштен кийин чимириле бийледи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан