Социалдык тармактарда өлкөнүн аскер бөлүктөрүнүн бириндеги үстөмдүк фактылары чагылдырылган видео пайда болду. Коомчулукка тараган бул көрүнүш сынга кабылып, түрдүү ойлорду жаратууда.
Тасмада аскер кызматкери жоокерлерди башы менен жерге сайылып туруусун талап кылгандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле ал оозго алгыс сөздөр менен аларды сөгүп, үстөмдүк кылып жаткандыгы байкалат.
Азырынча тасма ким тарабынан жана качан тартылганы белгисиз. Ал эми тийиштүү тараптар азырынча бул жагдай боюнча расмий маалымат берише элек.