"Апанын протезин учакты үч көтөрө издегенбиз" дейт борт коштоочу Нуржамал (маек)

Көпчүлүктүн кыялындагы жумуш - дүйнө жүзүн кыдырып, жаңы жерлерди көрүп, ошол эле учурда ийгиликтүү карьера куруп, жакшы киреше табуу экени баарыбызга эле маалым. Бирок бул кыялды ишке ашыруу үчүн ошондой мүмкүнчүлүктөрдү суна алган кесипти тандоо керек.

SUPER.KG порталынын "Мен көргөн бир күн" рубрикасынын бул жолку каарманы Нуржамал Мырзабекова саякат менен жумушту айкалыштырып, "Флай Эмирейтс" (Fly Emirates) компаниясында 6 жылдан бери борт коштоочу болуп иштеп келет.

Нуржамал 1996-жылы Ош шаарында төрөлгөн. 10 жашында ата-энесинин жумушуна байланыштуу Бишкекке көчүп келишкен. Мындай себеп менен көчүү - ага бала кезинен эле Кыргызстандын шаарларына саякаттоо мүмкүнчүлүгүн түзгөнүн айтат. Биз Нуржамалдын чет өлкөдөгү жашоосуна, иштеген жумушуна кызыгып көрдүк.

- Саламатсызбы, Нуржамал? Алгач кантип борт коштоочу болуп иштеп калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

- Саламатчылык! 2017-жылы Бишкектеги хостелдердин биринде иштеп жүргөм. Ошол кезде бизге жумушка жаңы кыз келген. Ал биз менен иштегенден сырткары "Эйр Кыргызстан" компаниясында борт коштоочу болуп да иштегенин кийинчерээк билдим.

Ал учурда мага аябай кызык болду, "кандай жумуш, кайсы окуу жайга тапшыруу керек болду экен?" деп ойлондум. "Кантип борт коштоочу болсо болот?" деп Ютубга да жазып көрдүм. Мага ар түрүү тилдерде сүйлөгөн кыздардын видеосу биринчилерден болуп чыкты. Ал видео "Эмирейтс" компаниясына кантип тапшырууга болору тууралуу видео болчу. Мен ал компанияда иштөө мүмкүнбү же жокпу деп ойлонбостон жөн эле кызыкканым үчүн көргөм. Кийин сайтына кирип маалымат издей баштадым. Ал жактан компания ар түрдүү шаарларга барып борт коштоочу кыздарды жумушка аларын билдим. Бирок жаш курак боюнча чектөөлөрү бар эле, 21 жаштан баштап жумушка алышчу. Мен анда 20 жашта болчумун, мага болбойт турбайбы деп калгам.

Бирок видеодон көргөн кыздардын айтып бергендери эсимден чыкпай койду. Алар ушундай бир эргүү менен кызыктуу кылып түшүндүрүп беришкен эле. 1 жылдан кийин жашым 21ге толгондо бул тема тууралуу олуттуу ойлоно баштадым. Сураштырып көрсөм "Алар Кыргызстанга келишпейт, Москвага барып иш көрүшмөсүнө катышсаң болот",- дешти. Менде Москвага барууга акча жок эле.

Эми эмне кылам деп ойлонуп отуруп сайтына кирдим. Ал жакта "2018-жылдын 8-ноябрында Бишкек шаарында иш көрүшмөсү болот" деген жарыяны окуп алып аябай сүйүндүм. Бул кабарды окугандан кийин иш көрүшмөсүнө катуу даярданып баштадым. Ютубдан "Эмирейтс" компаниясына өтүү үчүн кандай суроолор берилет, кандай тапшырмаларды беришет деп изилдеп, даярдандым.

Белгиленген күнү көрсөтүлгөн дарекке барып катыштым. Иш көрүшмөсүнө келген кыздардын санын көрүп бир аз толкундандым. 250 кыздын катышуусундагы 3 этаптуу иш көрүшмөсүнүн жыйынтыгында 3 кызды тандап алышкан. 3 кыздын бири мен болчумун. Ошентип "Эмирейтс" компаниясында борт коштоочу болуп иштеп калдым.

- Эң сонун! Иш көрүшмөсүндө кандай кыйынчылыктар болду?

- Менде кызыгуу күчтүү болгон үчүн кыйын деле болгон жок. Жогоруда айтып өткөндөй эле, Ютубдан эле кеңири маалымат алып, даярданганга мүмкүнчүлүктөр болгон.

Биринчи этабында болжолдуу эки мүнөттүн ичинде саламдашып, өзүңдү кыскача тааныштырып, резюмени берүү керек болгон. Ошол кыска убакыттын ичинде ал жерде отургандарга жакшы элес калтыра билүү керек. Ошону менен алар кийинки этапка өтөбү же жокпу чечишет.

Кийинки этабында бизди тайпаларга бөлүп, тапшырмаларды беришкен. "Силерде ушунай көйгөй болду, муну кантип чечесиңер?" деген сыяктуу суроолорду беришкен. Бул этапта команда менен иштеше билүү, чечкиндүү кадамдарга баруу, кырдаалдан чыга билүү жана маселени оперативдүү чечүү жөндөмдөрүбүздү баалашкан.

Акыркы этапта англис тилин билүү тести жана психологиялык тесттер болгон. Этаптардын аягына чейин жети гана кыз калганбыз. Жыйынтык чыкканга чейин бири-бирибиз менен байланышып турдук. Арабыздан бир кызга иш көрүшмөнүн жообу эки жумада эле келген. Мага болжолдуу бир айда келди.

Телефон чалып, жумушка кабыл алынганымды кабарлашканда аябай сүйүнгөм. Сүйүнүчтөн андан ары эмнелерди сүйлөп жатканын да уккан эмесмин. Биринчилерден болуп бул кабарды апам менен бөлүштүм. Апам да аябай кубанды. Бирок ошол эле учурда кызым алыска кетип жатат деген бир сезим жүрөгүнүн түпкүрүндө эле.

Ошентип, жыйынтык чыккандан бир айдан кийин, так айтканда, 2019-жылдын 12-январында Дубайга учуп келдим.

- Андан ары борт коштоочу болуп иштеп кетүү үчүн компания өзү билим бердиби?

- Ооба, биринчи эки айда интенсивдүү окутуу болду. Ошол эки айда жакшы окуп, лицензияны алып калуу керек болчу. Ошол үчүн мен башка нерсеге алаксыбай, окуума көңүл бурдум. Дубайга келгендеги биринчи эки айда эч кандай саякаттарсыз, үйдөн чыгып түз окууга, окуудан чыгып үйгө келип эле жүрдүм.

Андан кийин экзамен тапшырып, ишке киришип, уча баштадым.

- Эң биринчи жумуш күнүңүздү эстесеңиз. Коркуу же толкундоо сезимдери болду беле?

- Окутуу бүткөндөн кийин эки каттамга практикант катары учкам. Анда борт коштоочулар кантип иштешет, кантип тейлешет барын практика жүзүндө көргөм. Ошон үчүн андай деле толкундоо же коркуу сезимдери болгон жок. Анткени жанымда тажрыйбалуу борт коштоочулар бар болчу. Билбегендеримди алардан сурачумун.

- 6 жыл ичинде сизге эң жаккан маршрут кайсы болду жана эмнеси менен өзгөчө жакты?

- Коронавирус убагында аба каттамдары токтотулган. Ошол кездерде узак убакытка тыныгуу болуп калгангабы же эмнеден билбейм, аба каттамы ачылгандагы эң биринчи учуу өзгөчө жаккан. Анда биз 5-6 күндүк Дубай – Куала-Лумпур, Куала-Лумпур – Окленд каттамында учканбыз. Куала-Лумпурга барганда экипаж менен чогуу эс алганбыз. Анын эртеси Оклендге учуп, ал жакта да шаарды чогуу айланып, баарыбыз жакшы маанайда кайтканбыз.

Демейде барган шаарларыбызда чогуу жүрбөйбүз. Ар ким өзүнчө убакыт өткөрөт. Аталган маршрутта чогуу эс алгандыгыбыз менен көңүлүмө жагып, көпкө жакшы маанай тартуулады десем болот.

Анан дагы бир жолу 1-январда Балиге учканбыз. Жаңы жылга туш келгени үчүн капитан бизди кечки тамакка чакырган. Ошондо да экипаж менен чогуу убакыт өткөргөнбүз. Кечки тамакта капитандын сөзү өзгөчө жаккан. Ал "Жаңы жыл үй-бүлө менен тосулуучу майрам. Биз баарыбыз мекенибизден, үй-бүлөбүздөн алыстабыз. Ошон үчүн бүгүн бул майрамды биз чогуу майрамдап, бири-бирибизди колдоп жүрөлү", - деген.

Өзгөчө жаккан маршурттарыма Германиянын Франкфурт шаарына болгон жумуш сапарымды да кошкум келет. Ал жакта балалык күндөрүмдү чогуу өткөргөн тайкемдин кызы бар болчу. Ал студенттик программа менен үч айга келген эле. Ошол кезде мен ал өлкөгө каттам алып, жанына учуп барып, чогуу убакыт өткөргөнбүз.

- Борт коштоочулардын ишин көпчүлүк идеалдуу көрүп, кыялданышат. Сиз терс жактарын айтып өтсөңүз.

- Бул суроонун мага 6 жыл иштегенден кийин берилгени жакшы болду. Анткени алгачкы үч жылда бул жумуштун кемчиликтери көрүнбөйт деле. Үч жылдан соң кемчиликтерин байкап, оң жана терс жактарын таразалай баштайсың.

Терс жактары – үй-бүлөм, жакындарым, туугандарымдын жакшылыктарына, эң маанилүү күндөрүнө бара албай калам, майрамдарды алар менен чогуу тосо албай калам. Жаңы жылды башка бир өлкөдө, жалгыз отуруп, жөн эле тамактанып алып, кадимки күндөй эле бөлмөмө кирип уктап өткөргөн күндөрүм болот. Жакындарымды туулган күнүндө убагында куттуктай албай калам, каттамда болуп байланыша албай калам.

Андан сырткары, ден соолукка тийгизген таасири. Мисалы, түнкү рейстерде күнүң менен түнүң алмашып, биологиялык саатың бузулат.

Дагы айта кетсем, өзүңдү жалгыз сезүү. Бир убакыттарда бир аз жалгыз болсом, өзүмө убакыт бөлсөм дей берчүм. Азыр болсо дүйнөнүн эң кооз, укмуш жерине барып калсам, суктанып, канчалык кооз жерди көрүп жатканыма сүйүнүп турсам да, бир саамга "ушул жерде апам да болсо, бир туугандарым да көрсө" деген ойлор келет. Ошол учурдарда жүрөгүмдүн түпкүрүнөн жалгыздыкты сезем. Жакында эле жумуш сапарым менен күн чыгыш өлкөсү Японияда жүргөндө да ушундай ойлор келди. Анан эмгек эргүү алып, бир туугандарым, ата-энем менен чогуу бул өлкөгө саякаттайбыз деп жакшы ниет койдум.

Ал эми жакшы жагы - өзүңдү тереңден таанууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ата-энеңден, бир туугандарыңдан алыс кетип иштегенде көп убактыңды жалгыз өткөргөн үчүн өзүң менен таанышып, көз карашың өзгөрүп, адамык сапаттарыңды таразалоо менен алек болуп калат экенсиң. Дагы бир жакшы тарабы - саякат. Жумушумдун арты менен дүйнөнүн чоң-чоң шаарларын, өнүккөн өлкөлөрдү, ар түрдүү элдерди, маданияттарды көрдүм, тааныдым.

Андан сырткары, жашаган шаарыбыз Дубайда жакшы-жакшы фитнес залдарга, мыкты мейманканалардын бассейн, СПА кызматтарын колдонууга кээ бир жерлерде бекер, кээ бир жерлерде компаниябыздын картасы аркылуу жакшы арзандатуулар бар. Мындай мүмкүнчүлүк бир гана биздин компанияда бар. Мисалы, Дубайда биздин өлкөдөн келген көп эле мигранттар бар, бирок ар түрдүү компанияларда иштешет. Алар жумуштан сырткары спорт залдарга барса кошумча акча төлөшөт. А биздин компаниянын картасы көп жерде арзандатууларды тартуулайт. Алардын катарына ресторан, кафелер да кирет.

Үй же автоунаа алам деп чоң максат коюп келгендерге акча чогултуу мүмкүнчүлүгү бар. Саякаттайсың, компаниянын картасы аркылуу залдарга барасың, ошол эле учурда акчаң да чогула берет.

Анан курбуларым, туугандарым башка өлкөгө эс алууга же иштегени барышса, каттамымды тууралап, алар менен белгилүү бир убакытка бирге боло алам.

Көп жер көрүп, ар түрдүү элдин өкүлдөрү менен иштешкен үчүн башкалар менен тил табышуу тажрыйбасы да топтолот. Муну да ишимдин жакшы жактарына кошкум келет.

- Жергиликтүү эл менен да бат эле тил табышсаңыз керек анда? Алардын кандай өзгөчөлүктөрүн байкадыңыз?

- Бириккен Араб Эмираты боюнча жергиликтүү араб эли калктын 13 эле пайызын түзөт. Калган пайызын мигранттар жана иммигранттар түзүшөт. Ал эми египеттик, сириялык, ливандык, йемендик арабдар биз сыяктуу турист же мигрант деп саналат.

Менин байкаганым боюнча, жергиликтүү араб эли биз сыяктуу меймандос келет. Бирок ошол эле учурда башкалар менен анчейин жакын мамиле түзбөй, аралыкты сакташат. Биз, кыргыздар туристтер келсе, аябай ал-жай сурашып-сүйлөшсөк, алар достошушат, жардамга муктаж болсоң аянышпайт, ошол эле учурда өздөрүнүн жеке чек араларын да сактап турушат.

Күнүмдүк жашоодо жергиликтүү элди абдан сейрек кездештиребиз. Ошол үчүн алар менен активдүү сүйлөшүү да болбойт.

А мага окшоп башка өлкөлөрдөн келгендер менен, балким, максатыбыз бир болгон үчүнбү, баарыбыз эле иштегени келгенбиз да, бири-бирибизди колдоп жатып бат эле тил табышып кеткенбиз. Бирок бизде көбүнчө “small-talk” болот. Ал деген сый мамиледе, кыска-нуска, үстүртөн сүйлөшүүлөр. Узак убакытка, чер жазып сүйлөшүүлөр көбүнчө КМШ өлкөлөрүнөн келген же орус тилдүүлөр менен болот.

- Иш учурундагы кызыктуу окуялардан айта кетсеңиз.

- Бизде ар бир каттам ар түрдүү болот. Экипаж да өзгөрүп турат, багытыбыз да ар башка жактар дегендей. Жумуш күндөрүбүз бири-бирине окшошпойт. Ар бир учууда жаңы жүздөр. Ар бир жолкусунда ар түрдүү маданияттарды сезүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошол жагы менен ар бир сапарыбыз кызыктуу жана уникалдуу.

Эгерде мен жакшы сүйлөшүп жүргөн курбу кыздар менен бир каттамда учуп калсак, ал күн демейдегиден дагы кызыктуу болот.

Күлкүлүү жана жылмайткан окуялар да байма-бай болуп турат. Мисалы, бир жолу бортто мэримдүү эне отурган. Тамактануу убактысы бүтүп, ашыкча идиштерди, таштандыларды чогулткандан кийин жанагы эне эки жагын каранып, тынчсызданып жатканын байкадым. Жанына барып "баары жайындабы?" деп сурадым. Апа мага карап "тамактануунун алдында тиш-протезимди чечип, салфеткага ороп койдум эле, таппай жатам" деп жооп берди. Ал тиш оролгон салфетканы таштандылар менен кошо алып кетишкенин түшүндүм. Бүткүл учактан апанын тишин издегенбиз, тамак ташыган арабалардын бирин калтырбай карап чыктык. Эч жерде жок. Бир канча убакыттан кийин апа мени чакырып, "жоголуп кетпесин деп баштыгыма салып алган экем, аны унутуп коюпмун", - деп күлдүргөн.

Анан кээ бир жүргүнчүлөрдүн "терезени ачып койгулачы" деген өтүнүчү да жылмайтпай койбойт.

Жаңы иштеп баштаган кезде, суусундук таратып жатканда бир жүргүнчү шампан сурады. Инструкция боюнча бортто шампан ачууга болбойт болчу. Ашканага барып ачып келип, куюп беришим керек эле. Аны унутуп калып, ошол жерден эле ача баштадым. Катуу ачылып кетип, шампан оргумадай эле атып чыгып төгүлүп калса болобу. Эң кызыгы шампан сураган мырзанын кийимине жаба төгүлдү. Дароо кечирим сурадым. Дагы жакшы ал жигит түшүнүктүү экен, "эч нерсе болбойт, кабатыр болбоңуз, мындайлар боло берет", - деп жылмайып эле койду.

- Чын эле жагымдуу, жылмайткан окуяларга көп дуушар болот экенсиз. Жумуштан сырткары бош убактыңызда эмне менен алек болосуз?

- Эң биринчиден уйкумду нормага келтирүүгө аракет кылам. Андан кийин залдарга барып спорт менен машыгам.

Компаниянын картасы аркылуу сүрөт тартуу, ашкана сырлары сыяктуу сабактарга катышып турам.

Курбуларыма жолугам. Бул жакта жакын курбулар сенин үй-бүлөң сыяктуу эле болуп калат экен. Эс алуу күндөрүбүз дал келип калса сөзсүз чогуу убакыт өткөрүп, сырдашып, чер жазабыз.

- Борт коштоочу болуп иштөө сизге эмнелерди үйрөттү жана бул кесиптин ээси болгусу келгендерге кандай кеңеш бересиз?

- Биринчиден, дипломатиялык мамилени үйрөттү. Анткени бул жумуш кандайдыр бир мунасага келгиси келбеген, мүнөзү катаал жүргүнчүнүн да тилин табууга милдеттендирет.

Ошондой эле борт коштоочу болуп иштеп жүрүп, дүйнөнүн эч бир жеринде өзүңдү жоготуу мүмкүн эмес экендигин билдим. Бардык өлкө мага өз үйүмдөй эле сезилет. Кайсыл жерде жүрбөйүн өзүмдү үйдө жүргөндөй эле сезем, эч жерде жоголуп кетпесимди билем. Жумушум мага ушул сезимди тартуулады десем болот. Анткени шаарлардын түзүмүн, кайсыл жактан эмнени тапса болорун билип калдым.

Жоопкерчиликти сезүүнү да үйрөттү. Мен бул жумушка келгенимде 21 жаштагы, дүйнөнү көрө элек, жаш кыз болчумун. Азыр жоопкерчиликти сезе билген, олуттуу ойлонгон кызмын.

Борт коштоочу болуп иштегиси келгендерге алгач максатыңарды так белгилеп алгыла дегим келет. Андан кийин бул жумуш дайыма эле саякат эмес экенин эске алыш керек. Терс жактарын мен айтып өттүм, андан башка өздөрү да изилдешсе болот. Анткени ар бир адамга ар башкача сезилиши мүмкүн. Мисалы, мен терс жактары деп эсептегендеримди башкалар, балким, нормалдуу эле кабыл алышат.

- Нуржамал, убактыңызды бөлүп жагымдуу маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Асманды багындырып жүрө бериңиз деген жакшы тилегибизди билдиребиз.

Нуржамалдын иш сапарлары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан