Бишкекте автоунаада бара жатып жолдогуларды ок атуучу курал менен коркуткандар аныкталды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 11-майда, саат 11:00дөр чамасында “102” кызматына белгисиз 3 адам автоунааны айдап бара жатып, терезеден ок атуучу куралды чыгарып коркутуп жатат деген маалымат түшкөн.
Бул факт боюнча Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 1998-жылы туулган М.А., 2000-жылы туулган Ж.А., жана 1998-жылы туулган Э.Э., аттуу жарандар кармалды.
Учурда кылмышка тиешеси бар 3 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.