Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамен убактысы белгилүү болду

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзамендеринин убактысын жарыялады.

Белгилүү болгондой, 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү төрт предмет боюнча аттестациядан өтүшөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде) аттестация 2-июндан 17-июнга чейин өтөт:

  • Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 2-июнь;
  • Эне тили (дил баяндын элементтерин камтыган баяндама) – 6-июнь;
  • Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнь;
  • Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 16-июнь.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде) аттестация 2-июндан 17-июнга чейин 4 предмет боюнча жүргүзүлөт:

  • Эне тили жана адабияты (эссе) – 2-июнь;
  • Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 6-июнь;
  • Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 11-июнь;
  • Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 16-июнь.
  • Дене тарбия боюнча зачет:

15-майдан 24-майга чейин 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн Дене тарбия сабагынан сабактан тышкаркы убакта зачет өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан