Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүү улантылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-майда президент Садыр Жапаров убактылуу Республикалык диагностикалык борбордун имаратында жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун борборуна барып, "Global Cardiac Alliance" эл аралык командасынын иши менен жеке таанышып, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүнүн көйгөйлөрүн жоюу боюнча бир катар ыкчам тапшырмаларды берген.
Саламаттыкты сактоо министрлиги, аталган институт, КММАнын командасы, "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы жана кайрымдуулук уюмдары менен биргеликте бардык кемчиликтер жоюлуп, жаңы техникалар алынды.
• Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн кошумча УЗИ аппараты орнотулду.
• Стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке киргизилди.
• Борбор кошумча хирургиялык шаймандар топтому менен камсыз болду.
• “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” тарабынан дары-дармек жана керектүү материалдар толук камсыздалды.
• Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.
Ошондой эле 2-майдан бери борбордо "Global Cardiac Alliance" уюмунун тажрыйбалуу адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп, жалпы 7 балага операция жасалган. Ал эми алардын төртөөнүн абалы туруктуу болсо, тилекке каршы, үч наристенин өлүмү катталган. Учурда операцияга 70 бала кезекте турат.