Сумо боюнча Кыргызстан чемпиондугу өтөт

Эртең, 13-майда Бишкектеги Спорт ордосунда жаштар жана чоңдор арасында сумо боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлагандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан диплом жана медалдар тапшырылмакчы.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
  • Кыздар: 50, 60, 65, 73, 80, 80+;
  • Балдар: 50, 60, 70, 80, 100, 100+;
  • Кыз-келиндер: 55, 65, 73, 80, 80+;
  • Эркектер: 70, 77, 85, 100, 115, 115+.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан