Ошто аңчылыкка чыккан жигит кокустан өзүн-өзү атып каза болду 

Ош облусунун Алай районунун тургуну аңчылыкка чыгып кокустан өзүн-өзү атып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 12-майда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-май күнү милицияга 1999-жылы туулган Б.А. аттуу жаран Чий-Талаа айылындагы тоодо каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө аталган жаран 7-май күнү Терек айылындагы жайытка достору менен аңчылыкка чыгып, кокусунан жыгылып кетип, өзү көтөрүп жүргөн мылтыгынан денесине ок чыгып, окуя болгон жерде каза болгондугу маалым болгон.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда окуяга күбө болгондор тергөө кызматына жеткирилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан