Бишкекте аял кишини ур-токмокко алууга шектелип 41 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-майда саат 06:58 чамаларында бир жаран милицияга Рыскулов көчөсүндө эркек киши аялды сабап жаткандыгын кабарлаган. Окуя болгон жерге дароо барган милиция кызматкерлери шектүү делген адамды кармашкан.
Ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча административдик протокол түзүлгөн жана ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тиешелүү териштирүү иштери жүрүүдө.