Жалал-Абадда курулуп жаткан стадиондор качан колдонууга берилери айтылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларындагы курулушу жүрүп жаткан стадиондор быйыл күзүндө колдонууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, биримдиктин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана президенттин кеңешчиси Аманбек Каскеримов Кыргызстандын түштүк аймактарына болгон иш сапарынын алкагында учурда реконструкциядан өтүп жаткан бир нече футбол объекттерине баш бакты.
"Аталган стадиондордо Кыргыз футбол биримдиги тарабынан жарыктандыруучу заманбап шам-чырактар орнотулуп, оюн талаасы даярдалат. Ал эми Мамлекеттик курулуш агенттиги жана жергиликтүү бийлик тарабынан трибуналар, чатырлар, трибуна алдындагы бөлмөлөр, чуркоо аянтчалары курулуп, стадиондордун айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Токтогул жана Таш-Көмүр шаарларынын стадиондору Улуттук лигада ойногон клубдардын карамагына болуп, алардын беттештери жана өспүрүмдөр арасындагы өлкө чемпиондуктарынын оюндары өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан