АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын 15-майда Түркияда өтө турган сүйлөшүүлөрүнө катышып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Трамп кечээ, 12-майда Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында билдирди.
"Менин оюмча эки лидер тең ошол жерде болот. Бейшемби күнү кайда болом, азырынча белгисиз. Жолугушуулар көп. Бирок мен ал жакка барууну ойлоп жатам. Эгер иштин алдыга жылышын көрүп жатсам, балким, ал жакка бармакмын. Буга чекит коюлушу керек", - деди Трамп.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Украина бийлигин Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Ал эми Киев алгач ок атышууну 30 күнгө токтоткон соң гана тынчтык сүйлөшүүсү орун ала тургандыгын билдирген эле.
Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленскийди Орусия менен Стамбулда сүйлөшүүгө токтоосуз макул болууга чакырып, мындан кийин Зеленский Стамбулда Путинди күтөрүн билдирген болчу.