Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өлкөсү Пакистанга каршы соккуларын убактылуу токтотконун жана мындан аркы аракеттер коңшу өлкөнүн жүрүм-турумуна жараша болорун билдирди. Бул анын "Синдур" операциясы башталгандан кийин алгачкы эл алдында билдирүү жасашы.
"Индия Пакистанга каршы соккуларын токтотту жана Пакистандын аракеттерине жараша иш кылат", - деди ал.
Эскерте кетсек, 7-майга караган түнү Индия "Синдур" аттуу атайын аскердик операциясын баштап, Пакистандын бир катар объекттерине сокку урган. Бул чабуул 22-апрелде Кашмирдеги Пахалгам шаарчасындагы террордук чабуулга жооп иретинде жасалганы айтылды.