Бишкектеги №67 мектептин биринчи кабатында 11 бөлмө менчиктештирилип кеткен

Бишкек шаарындагы №67 мектептин жалпы аянты 751,2 чарчы метр болгон жеке имаратын менчиктештирүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, 1988-жылы аталган мектеп СССР илимдер академиясынын Космос илим-изилдөө институтунун атайын конструктордук бюросунун муктаждыктары үчүн 11 окуу бөлмөсүн бөлүп берген. Аталган мекеме 1992-жылы акционердик коом болуп өзгөртүлгөн. Кийинчерээк аталган жай жеке менчикке сатылган.

Мекеменин учурдагы ээси менчиктештирүү учурундагы мыйзамсыз иш аракеттерди моюндап, мамлекеттин менчигине акысыз өткөрүп берген. Учурда ал жай ЖРТга окуучуларды даяроо багытындагы мекемеге ижарага берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar1980
2025-05-13 12:54:00
Өлгөн экен да жакшы убагында келип калыптыр азыркы бийлик болбосо дагы көп зданиялар менчик болуп кетмек экен уят да эми мектеп менчикке берилип кеткен болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан