Зеленский Түркиянын президенти менен сүйлөштү

Украинанын президенти Владимир Зеленский түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Зеленский өзүнүн Telegram каналында билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

"Сүйлөшүүдө Түркиядагы жолугушуунун негизги багыттарын талкууладык, бул согушту токтотууга жардам берет. Эки өлкө тең ок атышпоонун зарылдыгын айттык. Ок атышпоо режимине мониторинг жүргүзүүнү өнөктөш өлкөлөр колго алышы керек. Биз Путин менен түз сүйлөшүүлөргө даярбыз. Жана да Европа менен биргеликте узак мөөнөттүү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чогуу иштешкенибиз абдан маанилүү. Америка менен дайыма байланышта болобуз", - деп белгилеген Зеленский.

Эрдоган Орусия менен Украинанын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү уюштурууга даяр экенин билдирди.

Айта кетсек, буга чейин Орусия президенти Путин Украина тарапты 15-майга Стамбулга сүйлөшүүгө чакырган. Сүйлөшүүгө АКШнын лидери Дональд Трамп да катышышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан