Чүйдө мыйзамсыз ижарага берилген 307 гектар жер мамлекетке алынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мыйзамсыз ижарага берилген 307 гектар айыл чарба жери мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1994-жылдагы президенттин жарлыгынын негизинде аталган жер тилкеси Ленин заводунун жумушчуларына берилген. Кийин жердин ээлеринин көпчүлүгү ар кандай себептер менен өлкөдөн чыгып кетишкен же каза болушкан.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү көзөмөл кылбагандыктан, жер тилкеси мыйзамсыз түрдө 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген", - деп билдирди УКМК.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Аламүдүн районунун Сыдыков айыл өкмөтүндөгү 307 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан