Пакистандын Инженерия институту чет өлкөлүк абитуриенттерди кабыл ала баштады

Пакистандын Бишкектеги элчилиги аталган өлкөнүн Инженерия жана прикладдык илимдер институтуна 2025-жылдын күзгү семестри үчүн чет өлкөлүк студенттерди (PIEAS) кабыл алуу жүрүп жатканын маалымдады.

PIEAS чет өлкөлүк талапкерлерге толук каржыланган стипендиялык программаларды сунуштайт. Программалар бакалавриат, магистратура жана докторантура деңгээлдеринде жеткиликтүү.

Стипендия төмөнкү чыгымдарды жабат:

  • Эконом-класстагы авиабилет - бир жолу;
  • Университетке баштапкы төлөмдөрдөн толук бошотуу;
  • Чектелген медициналык камсыздандыруу (кош бойлуулук, стоматология жана өнөкөт оорулар камтылбайт);
  • Үй-бүлөлүү студенттер үчүн бир жолку туугандар менен жолугушууну колдоо;

Стипендиянын узактыгы:

  • Бакалавриат - 4 жылга чейин
  • Магистратура - 2 жылга чейин
  • Докторантура - 4 жылга чейин
  • Постдокторантура - 1 жыл

Документтерди тапшыруу мөөнөттөрү:

  • Докторантура - каалаган семестрде тапшырууга болот;
  • Магистратура - жазгы семестр (январь–май);
  • Бакалавриат - күзгү семестр (сентябрь–январь).

Чет өлкөлүк студенттер PIEAS университетинин жатаканасында жашай алышат. Жатакана, тамак-аш, коммуналдык кызматтар, кир жуу жана башка жеке чыгымдар студенттин өз эсебинен төлөнөт.

Окуу семестри башталганга чейин кеминде 5–6 ай мурда документтерди тапшыруу сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан