Парижде кыргыз-француз алакасы талкууланды

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Улуттук ассамблеясынын депутаты, “Франция – Борбордук Азия” достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё менен жолукту.

Элчи өлкөлөр ортосунда саясий диалогду активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, быйыл жогорку деңгээлдеги сапарлар ишке ашарына үмүтүн билдирди.

"Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегине да токтолушуп, энергетика тармагындагы “EDF”, “TotalEnergies” жана “Voltalia” сыяктуу француз компаниялары менен кызматташууну, ошондой эле фармацевтика жана авиация тармактарында өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты",- деп билдирди ТИМ.

Элчи эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө, академиялык жана маданий программаларды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында алар ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыгуусун ырастап, Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы диалогду бардык деңгээлде тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан