Жумуштан мыйзамсыз бошотулганда эмне кылуу керек? Эмгек министрлиги жооп берет 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандардын эмгек укуктары жана алар бузулган учурда кандай чараларды көрүү керектиги тууралуу маалымат берди.

Андагы маалыматка таянсак, жумуштан мыйзамсыз бошотулган учурда эң алгач жумуш берүүчүгө кайрылуу керек.

Жумуштан мыйзамсыз бошотушса эмне кылуу керек?
Эгер сиз мыйзам бузуу менен жумуштан кетиришти деп ойлосоңуз, биринчи кадамыңыз жумуш берүүчүгө кайрылуу болушу керек. Эмгек келишимин бузуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн эки нускада берүү талабы менен арыз жазыңыз. Бир нускасы сизде калат, ал эми экинчи нускасы кабыл алынгандыгы жөнүндө белгини (каттоо номери, датасы, кызматы, арызды кабыл алган кызматкердин аты-жөнү жана колу) алуу зарыл.
Эгер иш берүүчү арызды кабыл алуудан же белги коюудан баш тартса, аны катталган кат аркылуу билдирүү жана тиркемелер тизмеси менен жөнөтүңүз. Ошондой эле Эмгек министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматына кайрылсаңыз болот.
Жумуштан бошотуу тууралуу буйруктун көчүрмөсүн же эмгек китепчесин алган күндөн тартып эки айдын ичинде жумуш берүүчүнүн жайгашкан жери боюнча райондук (же шаардык) сотко кайрылууга болот.
Кооптуу жумуштан баш тартууга болобу?
Эгер жумуш сиздин жашооңузга жана ден соолугуңузга коркунуч жаратса, аны аткаруудан баш тартууга толук укугуңуз бар. Бул тууралуу жетекчиге дароо кабар берүү зарыл. Эгерде төмөнкү шарттар болсо, мындай баш тартуу үчүн сизге эч кандай терс кесепет болбойт:
• жумуш оор жана эмгек келишиминде көрсөтүлгөн шарттарга туура келбейт;
• зыяндуу же кооптуу шарттар бар, алар келишимде көрсөтүлгөн эмес;
• иш берүүчү сизди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздаган эмес.
Кооптуу шарттар жоюлганга чейин сиздин орточо эмгек маянаңыз сакталып калат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бардык кызматкерлерди өз укуктарын билүүгө жана алар бузулган учурда убагында коргонууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан