АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Орусия лидери Владимир Путин менен Украина башчысы Владимир Зеленский жакында бетме-бет жолугушу мүмкүн экенин айтты.
Чет элдик басылмалар Трамп ультиматум коюп, тараптардын түз сүйлөшүүлөрүн талап кылганын жазып чыгышты. АКШ лидери эгер тараптар түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөсө, анда Вашингтон орус-украин согушун жөнгө салуу процессинен чыгарын айтып коркуткан.
"Жакында тынчтык саммити болуп, Зеленский менен Путин көзмө-көз жолугушуп Украинадагы согушту токтотууну макулдашат деп үмүттөнөм", - деген Уиткофф.