Палестина калыбына келиши үчүн 15 жыл керек. Бул тууралуу Палестинанын экономика министри Мухаммед аль-Амур билдирди.
"Согуш аяктагандан кийин, бизге кадимки жашоого кайтуу үчүн 15 жыл керек болот", - деп келтирет анын сөзүн ТАСС агенттиги.
Министр ошондой эле согуш канчалык узакка созулбасын палестиналыктар жеңилбей турганын белгилеген.