7-13-май күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн III эл аралык Аль-Хорезми атындагы олимпиадада кыргызстандык окуучулар байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, олимпиадага 9 өлкөдөн (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Малайзия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан) 205 окуучу катышып, математика жана информатика сабактары боюнча өткөрүлдү.
Кыргызстандын атынан математика сабагынан 8, информатика боюнча 4 окуучу катышкан. Информатика сабагынан катышкан окуучулардын бардыгы медалга ээ болушту (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль). Алар:
- Рамазан Мананов, 9-класс, Сейтек STEM мектеби – алтын медаль
Тренерлери: Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев
- Абдуллахан Абдирасулов, 9-класс, Ош лицейи – күмүш медаль
Тренерлери: Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев
- Саид Жаникеев, 9-класс, профессор Молдокулов атындагы МТУМЛ – күмүш медаль
Тренери: Бексултан Алмазбеков
- Актан Мавлянов, 8-класс, Intellect Pro мектеби – коло медаль
Тренери: Медербек Осмонов
Математика сабагынан катышкан окуучулардын ичинен төртөө байгелүү орундарга илинди. (1 алтын, 3 күмүш, 1 коло медаль). Алар:
- Арлан Саят, 7-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби – алтын медаль
Тренерлери: Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу
- Ариет Акимов, 7-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби – күмүш медаль
Тренерлери: Мамат Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу
- Бектен Абдувалиев, 7-класс, International School of Kyrgyzstan – күмүш медаль
Тренери: Мурат Абдувалиев
- Адилет Шакиралиев, 9-класс, Купуев академиясы – күмүш медаль
Тренерлери: Шумкарбек Абдураимов, Мамат Ишматов
- Бекнур Мажитов, 9-класс, Кадамжай "Семетей" лицейи – коло медаль
Тренери: Азамат Аскаров
Катышуу сертификатын алгандар:
- Нурмухаммед Жаратов, 8-класс, Бишкек шаарындагы № 61 АФММЛ ОК
- Жанатбек Курманбеков, 8-класс, Бишкек шаарындагы № 61 АФММЛ ОК
- Барсбек Абдимиталипов, 9-класс, "Акылман" президенттик лицейи