Ысык-Көлдө адам өлүмү менен аяктаган факт катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-майда Көк-Дөбө айылынын 44 жаштагы тургуну Ананьев айылындагы ооруканага жаткырылган. Жабырлануучу эртеси облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулуп, тилекке каршы, алган жаракаттарынан улам 6-май күнү каза болгон.
Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүдө маркум 4-май күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Көк-Дөбө айылында эки 52 жаштагы жана 43 жаштагы айылдаштары менен спирт ичимдиктерин ичип отуруп, чырдаша кеткени аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Шектүү катары 52 жаштагы К.У. аттуу жаран кармалган. Ал сурак учурунда маркумду таяк менен башка урганын айтып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда тергөө иштери уланууда.