Ак-Суу районунда 18 жаштагы окуучу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-майда милицияга Ак-Суу айылынын 43 жаштагы тургуну кайниси анын үйүндө жипке асынып каза болгондугун кабарлаган. Жерине барган милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзгөн. Маркумдун денесинен эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес.
Факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Териштирүү учурунда маркумдун апасы жана жакын туугандары арыздануудан баш тартышып, эч кимге дооматтары жок экендигин билдиришкен.
"Ал таежесинин үй-бүлөсү менен бирге жашап келген. Анын апасы ишеним кат аркылуу камкордукту эжесине өткөрүп берип, чет өлкөдө эмгек мигранты болуп жүргөнү аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Облустук милиция өспүрүмдүн өз жанын кыюусуна себеп болушу мүмкүн болгон жагдайларды аныктоо максатында мектеп администрациясы жана классташтары менен кошумча териштирүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.